# 27-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагында юридикалык жактардын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 27-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-27

---

Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар чек ара тилкесинде жана чек ара зонасында өз ишин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууда чек ара кызматына жана мыйзам тарабынан ыйгарым укук берилген башка органдарга жардамдашууга, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматты берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга шарттарды түзүүгө, ага ыктыярдуу негизде өз кызматкерлерин, коомдук бирикмелердин мүчөлөрүн тартууга көмөктөшүүгө. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга катышуусунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтарган аскерлер жана органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде аныктайт.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-28)
