# 24-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 24-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-24

---

Чек ара райондорундагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары өз аймактарында:

- мамлекеттик чек араны кайтарууну жана анын тартибин камсыз кылууда чек ара кызматына көмөк көрсөтөт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу муктаждыктары үчүн жерди акысыз пайдаланууга берет, анын пайдаланылышына жана бул жерде Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышына контролдук кылат;

- чек ара кызматынын объекттерине, аскер кызматчыларына, жумушчуларга жана кызматчыларга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жашаган жерлерине карата укукка жат аракеттерге жол бербөө боюнча чара көрөт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга жарандарды ыктыярдуу негизде тартууга шарт түзөт жана көмөктөшөт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бардык юридикалык жана жеке жактардын аткарышын камсыз кылат.

Чек ара райондорундагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери чарбалык маселелерди, анын ичинде канатташ тарап менен биргелешкен маселелерди чечүүдө чек аралык өкүлчүлүктүү аппараттардын ишине, мамлекеттик чек арадагы ишке катышат.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-25)
