# 23-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы тартип

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 23-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-23

---

Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, бажы жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында контролдукту камсыз кылуучу башка органдардын контролдоо-өткөрүү пункттарында кызматтык иши үчүн шартты камсыз кылуу таламында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдардын жана транспорт каражаттарынын болушунун жана кыймылынын тартибин, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын, жүк жана башка мүлктү өткөрүү менен байланышкан башка иштердин тартибин жөнгө салган тартипти орнотот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чек ара, бажы жана башка контролдук кылуу органдарынын иштөө шартын түзүү боюнча чараларды камсыз кылат. Чек ара кызматы өткөрүү пункттарына бөтөн адамдардын кирүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүсүнө жол бербөө максатында кошумча тартиптик эрежелерди киргизет.

V. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, Кыргыз Республикасынын

жарандарынын жана юридикалык жактарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагындагы укуктары жана милдеттери

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-24)
