# 22-статья. Карантин тилкеси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 22-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-22

---

Жугуштуу оорулардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп кетишине жол бербөө максатында ветеринардык көзөмөл органдарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы эпидемиологиялык жана эпизоотиялык кырдаалга жараша ишканаларга, уюмдарга жана жарандарга мамлекеттик чек араны бойлой кеткен жергиликтүү тилкеде (карантин тилкесинде) мал күтүүгө жана жаюуга тыюу салышы мүмкүн. Мамлекеттик чек арага өтө жакын жашаган (иштеген) жарандардын, ошондой эле карантин тилкесинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын бөлүктөрүнүн малын (үй жаныбарларын) күтүүгө жана жаюуга өзгөчөлүк берилет. Карантин тилкеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аны курчап тосууну аткаруу бийлигинин органдары, чарбалар жана ведомстволор камсыз кылат. Карантин тилкесиндеги ветеринардык тартип Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги же анын тапшыруусу боюнча чек ара областтарындагы ветеринардык көзөмөл органдары тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-23)
