22-статья. Карантин тилкеси
Күчүн жоготкон · 16.05.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2015 года № 98.
Жугуштуу оорулардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп кетишине жол бербөө максатында ветеринардык көзөмөл органдарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы эпидемиологиялык жана эпизоотиялык кырдаалга жараша ишканаларга, уюмдарга жана жарандарга мамлекеттик чек араны бойлой кеткен жергиликтүү тилкеде (карантин тилкесинде) мал күтүүгө жана жаюуга тыюу салышы мүмкүн. Мамлекеттик чек арага өтө жакын жашаган (иштеген) жарандардын, ошондой эле карантин тилкесинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын бөлүктөрүнүн малын (үй жаныбарларын) күтүүгө жана жаюуга өзгөчөлүк берилет. Карантин тилкеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аны курчап тосууну аткаруу бийлигинин органдары, чарбалар жана ведомстволор камсыз кылат. Карантин тилкесиндеги ветеринардык тартип Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги же анын тапшыруусу боюнча чек ара областтарындагы ветеринардык көзөмөл органдары тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/194/st-22" title="22-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>