# 21-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына өтө жакын жерлерде чарбалык, аңчылык жана башка иш аткаруу, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 21-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-21

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу таламдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы мамлекеттик чек арага жакын кургак жерлерде, чек ара сууларында жана башка көлмөлөрдө төмөнкүлөрдү өткөрүүнүн ордун, убактысын, катышуучулардын санын, ошондой эле аны уруксат берүүнүн өткөрүү тартибин аныктайт:

- жерлерди, токойлорду пайдалануу, тоо-кен иштерин, геологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү менен байланышкан чарбалык жана башка иштердин;

- гидрокурулуштарды жана сууну пайдалануунун башка түрдөгү курулуштарын куруу жана пайдалануу боюнча иштердин;

- мергенчилик, балык уулоо, башка аңчылык иштердин;

- маданий жана башка масcалык иш-чаралардын.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-22)
