# 20-статья. Чек ара зонасына жана чек ара тилкесине кирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 20-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-20

---

Чек ара зонасында туруктуу жашабаган адамдарга, эгерде башкача тартип каралбаса, ички иштер органдарынын уруксатысыз ага кирүүгө тыюу салынат. Чек арадагы дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн сууларынын кыргыз бөлүгүндөгү чек ара зонасына Кыргыз Республикасынын чек ара райондорунун калкынын кирүүсү, алардын ким экендигин тастыктаган документтер боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын жана мурдагы СССРдин башка мамлекеттеринин кызматтык сапарга, дарылоо мекемелерине, эс алуу үйлөрүнө, туристтик базаларга бараткан калкы ким экендигин тастыктаган документ болгондо чек ара зонасына командировкалык күбөлүктөр жана жолдомолор, ал эми ошол аймакка таандык болгон кызмат адамдары кызматтык күбөлүктөр боюнча өтүшөт. Кызматтык көрсөтмө каттар, өткөрүү күбөлүктөрү, аскер кызматкерлеринин отпускалык билеттери да өткөрүүгө укук берген документ болуп саналат. Чек ара тилкесине кирүүгө, убактылуу болууга, жашоого жана иш аткарууга уруксатты Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы берет. Башка мамлекеттердин калкы чек ара зонасына эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары берген өткөрмөлөр боюнча киришет.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-21)
