20-статья. Чек ара зонасына жана чек ара тилкесине кирүү
Күчүн жоготкон · 16.05.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2015 года № 98.
Чек ара зонасында туруктуу жашабаган адамдарга, эгерде башкача тартип каралбаса, ички иштер органдарынын уруксатысыз ага кирүүгө тыюу салынат. Чек арадагы дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн сууларынын кыргыз бөлүгүндөгү чек ара зонасына Кыргыз Республикасынын чек ара райондорунун калкынын кирүүсү, алардын ким экендигин тастыктаган документтер боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын жана мурдагы СССРдин башка мамлекеттеринин кызматтык сапарга, дарылоо мекемелерине, эс алуу үйлөрүнө, туристтик базаларга бараткан калкы ким экендигин тастыктаган документ болгондо чек ара зонасына командировкалык күбөлүктөр жана жолдомолор, ал эми ошол аймакка таандык болгон кызмат адамдары кызматтык күбөлүктөр боюнча өтүшөт. Кызматтык көрсөтмө каттар, өткөрүү күбөлүктөрү, аскер кызматкерлеринин отпускалык билеттери да өткөрүүгө укук берген документ болуп саналат. Чек ара тилкесине кирүүгө, убактылуу болууга, жашоого жана иш аткарууга уруксатты Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы берет. Башка мамлекеттердин калкы чек ара зонасына эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары берген өткөрмөлөр боюнча киришет.
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/194/st-20" title="20-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>