# 2-статья. Кыргыз Республикасынын чек ара саясаты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 2-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-2

---

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү жана мурдагы СССРге карата жарыяланган укукту мурастоого негизделген мамлекеттик чек аралардын кол тийгистигин өз ара урматтоонун эл аралык принциптерине негизденип:

- мамлекеттик чек араны Кыргыз Республикасы эгемендүү толук укуктарга ээ экендигин ырастаган аймактын (кургак жер, суу, жер казынасы, аба мейкиндиги) мейкиндик чектерин юридикалык жактан бекемдеген тилке катары карайт;

- Кыргыз Республикасы менен мурдагы ССР Союзунун республикаларынын администрациялык-аймактык чектелүүсү жөнүндө актыны кошуп алганда, ушул Мыйзам күчүнө кирген күнү эл аралык келишимдер менен белгиленген өз мамлекеттик чек арасынын өтүүсүн ырастайт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын өтүүсүн белгилөөдө жана өзгөртүүдө, башка канатташ мамлекеттер менен чек арадагы укуктук мамилелерин сактап турууда, Кыргыз Республикасынын чек ара райондорунда (акваторияларында) жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл аралык катнаш жолдорунда укуктук мамилелерди жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу максаттарын, канатташ мамлекеттер менен өз ара пайдалуу ар тараптуу кызматташтыктын таламдарын, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен, зомбулук көрсөтпөстөн чечүү принциптерин жетекчиликке алат;

- мамлекеттик чек ара тартибин белгилөөнү жана мурдагы ССР Союзунун республикалары менен аны кайтаруу ишин координациялайт.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-3)
