# 14-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына өтө жакын жерлерде чарбалык иштерди жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 14-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-14

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына өтө жакын жерлерде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, анын ичинде биргелешкен иштерди жүргүзүшү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдерине ылайык жүргүзүлөт. Жогоруда аталган иштер:

- Кыргыз Республикасынын, канатташ жана башка чет мамлекеттердин калкынын ден соолугуна, экологиялык жана башка коопсуздугуна зыян келтирбеши же андай зыян келтирүүгө коркунуч туудурбашы;

- мамлекеттик чек ара эрежесине жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын күтүүгө бөгөт түзбөшү керек.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында чарбалык иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-15)
