# 10-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 10-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-10

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу темир жол, автомобиль, аба жана башка катнаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу өткөрүү пункттарында жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, бажынын жана мамлекеттик чек арага контролдук кылуучу башка мекемелердин контролдоо-өткөрүү пункттары түзүлөт. Аба кемелери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ушул Мыйзамга жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актыларына ылайык учуп өтүүнүн атайын бөлүнгөн аба тилкелери аркылуу өтөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын аба тилкесинен тышкары учуп өтүүгө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксаты менен гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-11)
