# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү имарат-жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериал жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү имарат-жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериал жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-446/edition/361402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү имарат-жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериал жөнүндө" токтому (01.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19398

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 1-июлу № 128 Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү имарат-жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүчү тышкары жерде добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылган видеоматериалды көрүп чыгып, мында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 40-беренесинин ченемдеги бузулгандыгы чагылдырылган жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" мыйзамынын 40-беренесин, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.. ТОКТОМ КЫЛАТ 1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумда (бүткүл элдик шайлоо) Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315 участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылсын 2 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын. 3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.Б.Бапановага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
