# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 123 "В.Сетринанын арызын карап чыгуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 123 "В.Сетринанын арызын карап чыгуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-441/edition/361392/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 123 "В.Сетринанын арызын карап чыгуу жөнүндө" токтому (01.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19393

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 1-июлу № 123

В.Сетринанын арызын карап чыгуу жөнүндө

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалициянын" Чүй облусу боюнча өкүлү В.Сетринанын референдумда добуш берүү күнү №7058 участкалык референдум комиссиясынын мыйзамды бугандыгы жөнүндө арызын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 29- пунктчасына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 51-беренесинин 3-пунктунун, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодексинин 54-беренесинин 2-жана 6-пункттарынын жана КР БШКнын мүчөсүнүн маалымкатынын (тиркелет) негизинде Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Даттануу менен кайрылган В.Сетринага далилдердин жоктугуна жана даттануу берүүнүн тартибин бузууга байланыштуу арызды канаттандыруу четке кагылсын.

2. Арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.А.Скрипкинага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
