# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнн 2006-жылдын 7-августундагы №153 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнн 2006-жылдын 7-августундагы №153 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1861/edition/822895/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнн 2006-жылдын 7-августундагы №153 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" мыйзамы (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1939

---

КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2006-жылдын 7-августу № 153

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

2006-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1939/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 104-ст.) Кыр- гыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьядагы "Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген

сөздөр "Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2. 9-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана

Эл өкүлдөр жыйынынын" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык соту" деген сөздөр алып салынсын;

3. 14-статья төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"14-статья.

Мамлекеттик сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин аты- нан жана тапшырмасы боюнча төмөндөгүлөр тапшыра алат: Кыргыз Республи- касынын Жогорку Кењешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-ми- нистри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана башка кызмат адамдары.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1939/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1939/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
