# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-июлундагы №129 "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-июлундагы №129 "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1938>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1860/edition/285188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1938.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-июлундагы №129 "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1938

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 25-июлу № 129

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизүү

тууралу

2006-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1938/st-1)

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2001-ж., 17-январь, № 4)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн бе-

рилген же ушул максаттарга багытталган жана үрөөн чарбачылык, асыл ту-

кум, товардык айыл чарба өндүрүшүнө, коргоочу токой өстүрүүгө, багбан-

чылыкка, чарбачылыкка, дачаларга, илим-изилдөө жана тажрыйба жумуштарын

жүргүзүү үчүн, ошондой эле айыл чарба өндүрүшү менен байланыштуу башка

максаттарга пайдаланылуучу жерлер.".

2. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын жаранына жер агрардык реформа-

нын жүрүшүндө менчик укугу күбөлүк менен ырасталуучу акысыз негизде

менчикке берилген айыл чарба багытындагы (жарактуу жерлер боюнча) жер

участогу.".

3. 4-статьяда:

биринчи бөлүк "накталай" деген сөздөн кийин ", белгиленген чек

арасы бар" деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи бөлүк алып салынсын;

үчүнчү бөлүк экинчи бөлүк деп эсептелүү менен "акт" деген сөздөн

кийин "же күбөлүк" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 14-статьядагы "бир айыл өкмөтүнүн чегинде" деген сөздөр "Кыргыз

Республикасынын чек арасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 15-статьяда:

биринчи бөлүгүндөгү "бул жер участогунун башка жер үлүштөрүнүн ээ-

лерине гана" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарын эске

алуу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жер үлүшү толук же анын бир бөлүгү жарактуу жерлер боюнча өз ал-

дынча участокко бөлүү менен сатылышы мүмкүн.".

6. 16-статьядагы "аны майдалап бөлүштүрбөстөн жер аянтын бирдиктүү

туюк чектелген" деген сөздөр "аны өз алдынча участокко бөлүү менен жер

участогу же анын бир бөлүгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. 21-статьядагы "гана" деген сөз алып салынсын.

8. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Банктар жана адистештирилген айыл чарба каржы уюмдары Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөнүн затына төлөмөр кылууга укук-

туу.".

9. 25-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "ошол жер участогунун жер

үлүштөрүнүн башка менчик ээлерине" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын

6-статьясынын талаптарын эске алуу менен" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын.

10. 27-статьяда:

биринчи сүйлөмдөгү "3 айдын" деген сөздөр "бир жылдын" деген

сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи сүйлөмдөгү "анын ченемдик наркы боюнча" деген сөздөр "анын

рыноктук наркы боюнча мамлекеттик асыл тукум, үрөөнчүлүк экспериментал-

дык чарбалар, тажрыйба станциялары жана полигондор, окуу жайларынын та-

яныч пункттары жана илимий изилдөө институттары жана башка айыл чарба

профилиндеги мамлекеттик субъекттерди өнүктүрүү үчүн" деген сөздөр ме-

нен алмаштырылсын.

11. 28-статьяда:

биринчи бөлүктөгү "бир гана мураскорго мураска берилиши мүмкүн"

деген сөздөр "мураска берилиши мүмкүн" деген сөздөр менен алмаштырыл-

сын;

экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын жарандары мурастоо боюнча жана мыйзам бо-

юнча жер үлүштөрүнүн жана айыл чарба багытындагы жер участокторунун му-

раскорлору боло алышат.";

статья төмөнкүдөй мазмуундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен

толукталсын:

"Эгерде жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун му-

раскору чет өлкөлүк адам болсо же жарандыгы жок адам болсо, ал жер

үлүшүнө жана/же жер участогуна укук пайда болгон учурдан тартып бир

жылдын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө

милдеттүү.

Мында мураска берилген жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы

участоктун өлчөмү тиешелүү айыл башкармалыгындагы (айыл өкмөтүндөгү)

жер-агрардык реформанын жүрүшүндө белгиленген жер үлүштөрүнүн орточо

чарбалык өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес.".

12. 29-статьяда:

"тартууланбайт" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык белекке берүүнүн объекти болуп саналат жана белекке берилиши

мүмкүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

статья төмөндөгүдөй мазмуундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Белекке берүүнүн объекти болуп саналган жер үлүшүнүн жана/же айыл

чарба багытындагы участоктун өлчөмү тиешелүү айыл башкармалыгындагы

(айыл өкмөтүндөгү) жер-агрардык реформанын жүрүшүндө белгиленген жер

үлүшүнүн орточо чарбалык өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес.".

13. 33-статьядагы "Жогорку Кењешинин мыйзам чыгаруу жыйыны" деген

сөздөр "Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1938/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
