# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-июнундагы № 106 "Курч кырдаал сакталган жерлерде жашаган жарандардын Референдумда катышууга укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-июнундагы № 106 "Курч кырдаал сакталган жерлерде жашаган жарандардын Референдумда катышууга укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-424/edition/361358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-июнундагы № 106 "Курч кырдаал сакталган жерлерде жашаган жарандардын Референдумда катышууга укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому (21.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19376

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 21-июну № 106 Курч кырдаал сакталган жерлерде жашаган жарандардын Референдумда катышууга укуктарын камсыз кылуу жөнүндө Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 16-июнундагы №72 Декретин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына, 42-беренсинин 1-, 2-пункттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Курч кырдаал сакталган жерлерде жүргөн референдумдун участкалык комиссиялары өзгөчө учурларда добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерлерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө оозеки кайрылуулар боюнча референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын жүргөн жери боюнча добуш берүүнү уюштурсун. 2 Референдумдун участкалык комиссиялары бардык берилген арыздарды (кайрылууларды) атайын реестрде каттоону уюштурсун. 3 Тийиштүү райондордун укук коргоо органдары жайдан тышкары добуш берүү үчүн референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн референдумдун участкалык комиссияларынын ишинин коопсуздугун камсыз кылсын. 4 «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана маалыматтык агенттиктердин сайтында жайгаштырылсын. 5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум откөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.А.Скрипкинага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
