# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 19-июнундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 19-июнундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-421/edition/361352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 19-июнундагы № 103 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (19.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19373

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-июну № 103 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) дайындоо жөнүндө" Декретин аткаруу үчүн, № 20 Декреттин 1-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 17-июнундагы № 025-10/2844 "Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын аймактарында кошумча тогуз шайлоо участкаларын ачуу жөнүндө" катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде референдумду (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасы 2 071 900 (эки миллион жетимиш бир миң тогуз жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет). 2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыковага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
