Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-июну № 103 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын Референдумун (бүткүл элдик шайлоо) дайындоо жөнүндө" Декретин аткаруу үчүн, № 20 Декреттин 1-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 17-июнундагы № 025-10/2844 "Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын аймактарында кошумча тогуз шайлоо участкаларын ачуу жөнүндө" катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде референдумду (бүткүл элдик шайлоо) даярдоого жана өткөрүүгө кошумча чыгымдардын сметасы 2 071 900 (эки миллион жетимиш бир миң тогуз жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет). 2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыковага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.