# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 101 "Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 101 "Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-419/edition/364342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 101 "Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылуу тууралуу" токтому (18.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19371

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-июну № 101 Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылуу тууралуу «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өгкөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясыныи 2010-жылдын 30-апрелиндеги №5 токтому менен бекитилген Референдумдун комиссияларын түзүү жана таратуу Тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларын айрым мүчөлөрүнүн чыгып кетүүсүнө жана комиссиялардын курамында резервдин жоктугуна байланыштуу, 2010- жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Айрым участкалар боюнча референдумдун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылабыз. 2 Референдумдун аймактык (райондук, шаардык) комиссиялары референдун участкалык комиссияларынын курамына жаңы көрсөтүлгөн талапкерлерди киргизсин. 3 Субьекттерге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирилсин. 4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
