# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кшумча референдум участкаларында участкалык референдум комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кшумча референдум участкаларында участкалык референдум комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-418/edition/361346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кшумча референдум участкаларында участкалык референдум комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө" токтому (18.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19370

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-июну № 100 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кшумча референдум участкаларында участкалык референдум комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 16-беренесинин 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ № 63 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугуна кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Дектерин, ошондой эле КР Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 16-июнундагы № 025-10/2843 жана 2010-жылдын 17-июнундагы № 025-10/2872 кайрылуусун кетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кошумча референдум участкаларында участкалык референдум комиссияларынын курамы бекитилсин (1-тиркемеге ылайык). 2 КР ТИМдин кайрылуусуна ылайык орус тилиндеги шайлоо бюллетендеринен 2300 даана жана кыргыз тилиндеги шайлоо бюллетендеринен 1700 даана, жалпысынан 4000 даана бөлүнүп берилсин (КР ТИМдин кайрылуусу 2, 3-тиркемеде). 3 Бул Токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн 4 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын. 5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Д. Баялиновго жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
