# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 14-июнундагы № 89 "Кыргыз Республикасымын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүү) добуш берүү үчүн бюллетендерди жеткирүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 14-июнундагы № 89 "Кыргыз Республикасымын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүү) добуш берүү үчүн бюллетендерди жеткирүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-407/edition/361324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 14-июнундагы № 89 "Кыргыз Республикасымын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүү) добуш берүү үчүн бюллетендерди жеткирүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө" токтому (14.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19359

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 14-июну № 89 Кыргыз Республикасымын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүү) добуш берүү үчүн бюллетендерди жеткирүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги №3 токтому менен 10-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, референдумдун бюллетендерин облустук, Бишкек жана Ош шаардык референдум комиссияларына өткөрүп берүү референдум өткөруү күнүнө чейин 12 календарлык күн мурда б.а. 2010-жылдын 15-июнуна чейин жүзөгө ашырылышы керек, бирок өлкөнүн айрым региондорунда Убактылуу Өкмөт тарабынан өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүнжө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 9-, 15-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 2010жылдын 27-июнуна дайындалган референдумда добуш берүү үчүн облустук, Бишкек, жана Ош шаардык референдум комиссияларына бюллетендерди жөнөтүү өлкөнүн айрым региондорунда Убактылуу Өкмөт киргизген өзгөчө кырдаал алып салынганга чейин токтотула турсун. 2 Бюллетендердин коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын УКМК жана ИИМге тапшырылсын. 3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн

Төрага

А.Сариев
