Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасымын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүү) добуш берүү үчүн бюллетендерди жеткирүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 14-июну № 89 Кыргыз Республикасымын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүү) добуш берүү үчүн бюллетендерди жеткирүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги №3 токтому менен 10-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, референдумдун бюллетендерин облустук, Бишкек жана Ош шаардык референдум комиссияларына өткөрүп берүү референдум өткөруү күнүнө чейин 12 календарлык күн мурда б.а. 2010-жылдын 15-июнуна чейин жүзөгө ашырылышы керек, бирок өлкөнүн айрым региондорунда Убактылуу Өкмөт тарабынан өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүнжө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 9-, 15-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 2010жылдын 27-июнуна дайындалган референдумда добуш берүү үчүн облустук, Бишкек, жана Ош шаардык референдум комиссияларына бюллетендерди жөнөтүү өлкөнүн айрым региондорунда Убактылуу Өкмөт киргизген өзгөчө кырдаал алып салынганга чейин токтотула турсун. 2 Бюллетендердин коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын УКМК жана ИИМге тапшырылсын. 3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги № 3 "Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча, 2010-жылдын…Постановление · 27.04.2010 · № 3
- О референдуме Кыргызской РеспубликиЗакон · 23.10.2007 · № 159 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.