# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту тузүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту тузүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-403/edition/361263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту тузүү жөнүндө" токтому (10.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19355

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-июну № 85 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту тузүү жөнүндө 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө референдум комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүгүн каражаттардын максаттуу чыгымдалышын контролдоо максатында, Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 52-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту түзүү жөнүндө" Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-1-пунктунун 3-, 10-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ 1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө референдум комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топ 7 адам санында түзүлсүн 2 Контролдук-ревизиялык топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айнура Жолдошбаевна Абдыкалыкова дайындалсын. 3 Контролдук-ревизиялык топтун жетекчиси мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө Контролдук-ревизиялык топтун курамынын сапаттуулугу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасына киргизсин. 4 Контролдук-ревизиялык топ өз ыйгарым укуктарын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту түзүү жөнүндө" Жобого ылайык жүзөгө ашырсын. 5 Контролдук-ревизиялык топтун мүчөлөрү тапшырмаларды аткаруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардан жүргүзсүн.

Төрага

А.Сариев
