# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 09-июнундагы № 82 "Референдум документтерин санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу, аларды өткөрүп алууну уюштуруу жана сакталышын камсыз кылуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 09-июнундагы № 82 "Референдум документтерин санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу, аларды өткөрүп алууну уюштуруу жана сакталышын камсыз кылуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-400/edition/361257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 09-июнундагы № 82 "Референдум документтерин санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу, аларды өткөрүп алууну уюштуруу жана сакталышын камсыз кылуу жөнүндө" токтому (09.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19352

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 09-июну № 82 Референдум документтерин санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу, аларды өткөрүп алууну уюштуруу жана сакталышын камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы референдум конституциялык мыйзамынын 42, 43, 44, 45-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик шайлоо) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 21, 22-пункттарына ылайык, референдумду добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө референдум комиссияларынын протоколдорун өткөрүп алууну натыйжалуу уюштуруу жана документтерин санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 Референдум документтерин санкцияланбаган жеткиликтүүлүкгөн коргоону камсыз кылуу, жогору турган референдум комиссиясына жеткирүү, өткөрүп жана референдумда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду өткөрүп алуу Тартиби бекитилсин (№ 1 тиркеме). 2 Райондук, шаардык администрациялардын башчыларына: -референдум документтерин өткөрүп алуу үчүн райондук, шаардык администрациялардын архивинде атайын жай даярдашсын; -участкалык комиссиялардан референдум документтерин өткөрүп алуу үчүн архивге жоопкер кызматкердин кезекчилигин камсыз кылсын; -Сактоого өткөрүлүп алынган документтерди үч айга чейин сакталып турушун камсыз кылсын. 3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн

Төрага

А.Сариев
