Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын райондук, шаардык референдум комиссинларынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 05-июну № 71 Кыргыз Республикасынын райондук, шаардык референдум комиссинларынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Респубпикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген" Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төмөндө аталган райондук, шаардык референдум комиссияларынын курамына айрым өзгөртүүлөр киргизилсин:
1 Бишкек шаарынын Свердлов райондук референдум комиссиясынын курамы боюнча:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Кочеров Руслан Бакыбаевич комиссиянын резервинен чыгарылсын.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук референдум комиссиясынын курамы боюнча:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Жумашев Адыл комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Эгембердиев Кудайберди комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Туран" партиясынан көрсөтүлгөн Досиев Нурлан резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Ибрагимов Хасанбай Шамшиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2 Бул токтом "Эркин Too" гезитине жарыялансын. 3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алыибековага жүктөлсүн
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) женунде" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 20
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү)…Постановление · 30.04.2010 · № 5