Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумуна коюлган маселе боюнча үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 04-июну № 70 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумуна коюлган маселе боюнча үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Референдумун (буткул элдик шайлоо) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 15-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жалпыга маалымдоо каражаттарынан сунушталган документтерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумуна коюлган маселе боюнча үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында аккредитациялансын (тизмеси тиркелет). 2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.Б. Бапановага жүктөлсүн
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.