Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Ак-Суу райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 20-майы № 42 Ак-Суу райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
- КСДП партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Сыдыкбаев Алыбек Жапарович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Шаймергенова Кымбат Орозбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- "Ак Шумкар" партиясынан көрсөтүлгөн, Мамбетов Ырысбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Бараканов Калыбек Камчыбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Белекова Инаят Апсатаровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) женунде" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 20
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү)…Постановление · 30.04.2010 · № 5