# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы № 140 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы № 140 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1853/edition/285177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1931.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы № 140 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы (31.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1931

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 31-июлу № 140

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу

2006-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1931/st-1)

"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.)

төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

### [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1931/st-16)

төмөндөгүдөй мазмундагы 16-1-статья менен толукталсын:

"16-1-статья. Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасын төмөндөтүү

жөнүндө жарнама

Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасынын төмөндөшү жөнүндө жар-

нама сатылуучу жер жөнүндөгү маалыматты, сатуунун башталышынын жана

аякташынын даталарын, ошондой эле товарларды сатуунун мурдагы баасынан

канчалык өлчөмдө азайышынын пайыздык катнашы тууралу маалыматты камтышы

керек.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1931/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
