КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Ысык-Ата райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 20-майы № 39 Ысык-Ата райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын катчысы Надырбекова Барчакан Анаркуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Асанбеков Чоробек Советбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) женунде" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 20
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү)…Постановление · 30.04.2010 · № 5