Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Бишкек шаарынын райондук референдум комиссияларынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 20-майы № 37 Бишкек шаарынын райондук референдум комиссияларынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биринчи май райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Ата Мекен" партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын катчысы Майрыкеева Айчолпон Сүйүндүковна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
"Кыргызстандын Республикалык элдик партиясы" партиясынан көрсөтүлгөн Маркелова Зинаида Ахмедовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. "Туран" партиясынан көрсөтүлгөн Касымакунова Назгүл Рыскуловна Биринчи май райондук референдум комиссиясынын катчысы болуп бекитилсин (2010-жылдын 17-майындагы Бишкек ш., Биринчи май райондук комиссиянын жыйналышынын протоколунун негизинде).
3. Октябрь райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Эл Ынтымагы" партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Джамбулот уулу Арстанбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- "Туран" партиясынан көрсөтүлгөн, Найманбаева Дильбара Абдиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Ленин райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Абдылдаева Батма Болотбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Узупбеков Муратбек Кожомкулович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага
А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) женунде" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 20
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү)…Постановление · 30.04.2010 · № 5