# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-майындагы № 31 "Ак-Талаа райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-майындагы № 31 "Ак-Талаа райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-349/edition/361155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-майындагы № 31 "Ак-Талаа райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19301

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-майы № 31 Ак-Талаа райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Чороев Уланбек Асанбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Турусбеков Талантбек Амангазиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.

Төрага

А. Сариев
