Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Ысык-Көл райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 17-майы № 18 Ысык-Көл райондук референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Референдум комиссиясынын мүчөсүнүн статусу менен сыйышпагандыгына жана өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин" 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ысык-Кол райондук референдум комиссиясынын курамынын мүчөсү 9 адамдан белгиленсин.
2. Ысык-Кол райондук референдум комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин:
- «Аалам - партияларга кирбегендердин партиясы» партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Буржуев Таалайбек Тагаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- «Акшумкар» партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Абакиров Каныбек комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Алиева Рыскүл Бектеновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- "Кыргызстан элдик партиясы" партиясынан көрсөтүлгөн Жеентаев Памир комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
3 Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын. 4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү)…Постановление · 30.04.2010 · № 5
- КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) женунде" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 20