# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-майындагы № 7 «2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүу жана таратуу тартибине" жана Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүүнүн негизги иш-чараларынын Календардык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-майындагы № 7 «2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүу жана таратуу тартибине" жана Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүүнүн негизги иш-чараларынын Календардык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-326/edition/608423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-майындагы № 7 «2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүу жана таратуу тартибине" жана Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүүнүн негизги иш-чараларынын Календардык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (10.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19278

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-майы № 7 «2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүу жана таратуу тартибине" жана Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүүнүн негизги иш-чараларынын Календардык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Референдумду даярдоо процедураларына коомчулуктун ишенимин кайтадан жандандыруу, аймактык комиссияларды түзүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 15-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелинде бекиткен УӨ № 13 "Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү боюнча графикти бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Борбордук референдум комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Тартиптин 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Райондук, шаардык референдум комиссиялары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы тарабынан төраганын, катчынын жана кеминде 5 мүчөнүн курамында түзүлөт".

2 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Борбордук референдум комиссиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги № 3 токтому менен бекитилген референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киогизилсин:

- 3-графанын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын : «2010-жылдын 13-майынан кечиктирбестен»

- 3-графанын 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын : «2010-жылдын 16-майына чейин, комиссияларды түзгөндөн кийин 3 календардын күндөн кечиктирбестен»

- 4-графанын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы»

- 4 графанын 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы»

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
