# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 16-февралындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 16-февралындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-313/edition/361121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 16-февралындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (16.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19264

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 16-февралы № 5 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, И.К.Джунусовдун депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруу менен сыйышпаган ишке өткөндүгүнө байланыштуу (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-февралындагы № 50 буйругу), Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ак Жол" элдик партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джунусов Ибрагим Коджоназаровичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Д. Лисовский
