# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы № 2 "Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы № 2 "Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: №2
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-310/edition/361115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы № 2 "Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (25.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19261

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 25-январы № 2 Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 1- жана 5-пункттарына, 16-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоочулардын чогулушунан көрсөтүлгөн Акмат кызы Махабат өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө берген арызына ылайык (тиркелет), Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын жана областтык шайлоо комиссиясынын катчылык милдетин аткаруудан бошотулсун.

2. Долоно айылдык округунун Ташарык айылынын шайлоочуларынын чогулушунан көрсөтүлгөн Чимботаев Нурдин Кочкомбаевич Талас областтык шайлоо комиссиясынын курамына резервден киргизилсин.

3. Бул токтом Талас областтык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Д. Лисовский
