# 8-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1926)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №135 "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года № 87 "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июня 2009 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем"](https://aqlex.ai/kg/doc/203159)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1926#diff=898859..898860>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1848/edition/898859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1926/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө, 8-статья (06.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-8

---

1. Ушул Мыйзамда каралган талаптардын маалымат берүүчү жактар тарабынан бузулуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте администрациялык жоопкерчиликке алып келет.

2. Ушул Мыйзамга ылайык маалымат берүүчү жактардан алынуучу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ же мурда ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде мурункулары, банктык, коммерциялык же башка сырды мыйзамсыз түрдө ачыкка чыгаргандыгы, колдонгондугу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.

3. Маалымат берүүчү жактардын кызматкерлери, анын ичинде мурункулары, суроо-талаптарды аткаруу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды жиберүү фактысын ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

4. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жүргүзүүгө катышкандыгы же болбосо террористтик же экстремисттик ишти каржылоону жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы № 179, 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-7)  
Кийинки берене: [8-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-8-1)
