8-1-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды жана документтерди берүү
Күчүн жоготкон · 06.08.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года № 87.
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын функцияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документти (жарандардын жеке өмүрү тууралуу маалыматтан башкасын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте беришет.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, башка көзөмөл органдары, маалымат берүүчү жактар, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактарынын башкы дирекциялары, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ассоциациялары жана кошуундары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын функцияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документти белгиленген тартипте, анын ичинде анын суроо-талабы боюнча беришет.
3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка көзөмөл органдары, ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар тарабынан маалыматтардын жана документтердин ушул Мыйзамда каралган максаттарда жана тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүсү, мунун ичинде анын суроо-талабы боюнча да берилиши, кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында) бузгандык болуп саналбайт.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана маалымат берүүчү жактарга юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттештирилген чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрүнүн бириктирилген мамлекеттик тизмегинде камтылган маалыматты, ошондой эле жоголгон, жараксыз болуп калган паспорттор, каза болгон жеке адамдардын паспорттору, паспорттордун жоголгон бланкалары тууралуу маалыматтарды беришет.
5. Маалымат берүүчү жактар, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ассоциациялары жана кошуундары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтын ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүсү кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык сырды, байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында) же башка сырды ачыкка чыгаргандык болуп саналбайт.
6. Адвокатта, аудитордо, салык консультантында, нотариуста жана юридикалык же бухгалтердик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырган жактарда, ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттары же мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо максатында жүзөгө ашырылган же жүзөгө ашырылышы мүмкүн деп эсептөөгө негиз болгон учурда, ошондо алар маалыматты кардарга кабарлабастан туруп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.
Акча каражаттары же мүлк менен болгон шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү маалыматтардын көрсөтүлгөн жактар тарабынан берилиши кесиптик же башка сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт. Көрсөтүлгөн жактардын маалыматты берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. (КР 2009-жылдын 2-июнундагы № 179, Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1926/st-8-1" title="8-1-статья - Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>