# 6-статья. Операциялар (бүтүмдөр) милдеттүү көзөмөлгө алынуучу критерийлердин тизмеси

- Документ: [Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1926)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №135 "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года № 87 "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2017 [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587); 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244); 02.06.2009 [Закон КР от 2 июня 2009 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем"](https://aqlex.ai/kg/doc/203159)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1926#diff=898864..898865>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1848/edition/898859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1926/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө, 6-статья (06.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-6

---

1. Эгер акча каражаттары же мүлктөр менен жүзөгө ашырылып жаткан бүтүмдүн (операциянын), суммасы 1000000 сомго барабар же андан жогору болсо (четөлкө валютасына эквиваленттүү), анын үстүнө ошол операция (бүтүм) өзүнүн мүнөзү боюнча ушул статьянын 2-пунктунда каралган операциялардын (бүтүмдөрдүн) бирине кирсе милдеттүү көзөмөлгө алынууга жатат.

2. Акча каражаттары жана мүлктөр менен милдеттүү көзөмөлгө алынууга жаткан операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкүлөр кирет:

1) банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмесинен тышкары баардык ички жана тышкы операциялар (бүтүмдөр);

2) эгер тараптардын бир эле жагы финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды берүү же ачыкка чыгаруу каралбаган мамлекетте катталган, жашап турган же орун алган жеке адам же юридикалык жак болгон, же болбосо тараптардын бири көрсөтүлгөн мамлекетте (көрсөтүлгөн аймакта) катталган банкта ачылган эсептин ээси болуп саналган учурдагы операциялар (бүтүмдөр).

Мындай мамлекеттердин (аймактардын) тизмеси кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү менен иштеп жатышкан эл аралык уюмдар бекиткен тизменин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана жарыяланууга жатат;

3) ушул Мыйзамда белгиленген чектен ашкан башка операциялар (бүтүмдөр):

- накталай четөлкө валюталарын сатып алуу же сатуу;

- жеке адам тарабынан накталай эсептешүү менен баалуу кагаздарды сатып алуу;

- бир нарктагы банкнотту башка нарктагы банкнотко алмаштыруу;

- жеке адам тарабынан уюмдун уставдык капиталына накталай акча каражаттарынын салынуусу;

- кайрымдуулук, коомдук уюмдардын жана мекемелердин, фонддордун акча каражаттарынын кыймылы;

4) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр менен болгон башка бүтүмдөр:

- баалуу кагаздарды, баалуу металлдарды, асыл таштарды жана башка баалуулуктарды күрөөканаларга жайгаштыруу;

- жеке адам тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө же андан өмүрдү камсыздандыруу, топтоо камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын алуу;

- ага жумшалган сумма 4500000 сомго барабар же андан ашкан кыймылсыз мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм;

- кыймылдуу мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм;

- финансы ижара (лизинг) келишими боюнча мүлктөрдү алуу же берүү;

- лотерея оюндарынан алынган утуш түрүндөгү акча каражаттарын төлөп берүү;

5) акча каражаттарын которуу (которуулар):

- кардардын тапшыруусу боюнча финансы-кредиттик эмес уюм тарабынан жүзөгө ашыруу;

- мындай операцияларды эсепти ачуусуз эле жүзөгө ашырууга шарт түзгөн система боюнча жүзөгө ашыруу жана аларды алуу.

3. Эгерде акча каражаттары жана мүлк менен болгон операцияларга (бүтүмдөргө) катышуучу тараптардын бири Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү, террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөн адамдардын Тизмегине киргизилген адам болсо, мындай операциялар (бүтүмдөр) милдеттүү түрдө контролдонууга жатат.

5. Шектүү операциялар (бүтүмдөр) милдеттүү көзөмөлгө алынат.

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы № 179, 2015-жылдын 28-июлундагы № 200, 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV глава Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык

---

Мурунку берене: [5-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-5-1)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-7)
