# 5-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1926)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №135 "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года № 87 "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244); 02.06.2009 [Закон КР от 2 июня 2009 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем"](https://aqlex.ai/kg/doc/203159)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1926#diff=898863..898864>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1848/edition/898859/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1926/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө, 5-статья (06.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-5

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдети, функциялары жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары ушул Мыйзамга ылайык белгиленген мамлекеттик орган болуп саналат. Ушул Мыйзам тарабынан чечүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга тапшырылган маселелерге мамлекеттик бийликтин органдарынын кийлигишүүсүнө, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралгандан башка учурларда жол берилбейт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде:

1) милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операцияларга (бүтүмдөргө) байланыштуу маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана талдоону жүргүзөт;

2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы чараларды көрүү боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнүн, атап айтканда шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табуу жана алар тууралу баяндама жөнөтүүнү кошо алганда, шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу операциялардын (бүтүмдөрдүн) алдын алуу, аныктап табуу жана бөгөт коюу тутумун өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык козголгон иштер боюнча кат жүзүндөгү расмий суроо-талаптардын негизинде сотко (сотторго), прокурорго, тергөө органдарына жана алгачкы текшерүү органдарына кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу жалпыланган материалдарды берет. Жалпыланган материал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз демилгеси боюнча укук коргоо органдарына жана сотторго берилиши мүмкүн;

4) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдаштырууну) алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча өз иштерин жүзөгө ашырат.

5) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларды түзүү жана (же) жүргүзүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылган маалыматтар базасынан (реестрнен) толук пайдалануу укугуна ээ;

6) операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу экенин күбөлөгөн жетиштүү негиздер болгон шартта, тиешелүү жалпыланган материалды алардын компетенцияларына жараша укук коргоо органдарына жөнөтөт;

7) (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) сыяктуу эле, кардарларга жана бенефициардык менчик ээлерине (пайда табуучуларга) байланыштуу маалыматка карата да, ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн маалымат боюнча жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды маалымат берүүчү жактарга жиберет;

9) аткарылган функцияларга ылайык алынган ар кандай маалыматка карата кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү менен байланышкан ар кандай кошумча маалыматты мамлекеттик органдардан жана маалымат берүүчү жактардан сурап-билүүгө жана алууга укуктуу. Мамлекеттик органдар жана маалымат берүүчү жактар талап кылынган маалыматты көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгиленген формада ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.

3. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул Мыйзамга ылайык маалымат берген адамдардан маалыматка колу жеткен же колу жетип келген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, анын ичинде мурда иштеп кеткендери да, коммерциялык жана башка сырларды мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы, пайдалангандыгы, кызмат абалын кыянат пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жазык жана башка жоопкерчиликтерди тартышат.

(КР 2009-жылдын 2-июнундагы № 179, 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-4)  
Кийинки берене: [5-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1926/st-5-1)
