# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №134 " Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №134 " Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1847/edition/285171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №134 " Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (31.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1925

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 31-июлу № 134

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда

жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик

гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана

өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1925/st-1)

"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген

адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана

өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "алыскы" деген сөздөрдөн кийин

"барууга кыйын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 2-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мый-

зам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен

алмаштырылсын.

3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:

"2-1-статья. Калктуу конуштарды бийик тоолуу жана барууга кыйын

зоналарга таандык кылуунун критерийлери

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана барууга кыйын зоналарында

жашаган адамдар үчүн эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө ко-

шумчалардын коэффициенттеринин төмөнкүдөй критерийлери жана өлчөмдөрү

белгиленсин:

бийик тоо боюнча критерийлер:

Топ Бийиктиктин диапазону Коэффициенттин өлчөмү

1 1800-1900 1,1

2 1901-2000 1,2

3 2001-2200 1,3

4 2201-2400 1,4

5 2401-2600 1,5

6 2601-2800 1,6

7 2801-3000 1,7

8 3001 жана андан бийик 1,8

барууга кыйындыгы боюнча критерийлер:

Категория Баруунун критерийлери Коэффициенттин өлчөмү

1 Барыш салыштырмалуу кыйын 1,20

2 Барыш кыйын 1,30

3 Барыш абдан кыйын 1,40

4. 4-статьясынын биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-

сын:

"Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктерге жана компенсаци-

яларга чыгымдарды каржылоонун булагы Кыргыз Республикасынын республика-

лык бюджети болуп саналат.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1925/st-2)

Өкмөттүн тиешелүү чечимдери менен калктуу конуштар үчүн белгилен-

ген айлык акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн ко-

эффициенттеринин колдонуудагы өлчөмдөрү, эгерде жањы критерийлерге

ылайык алар азайтылышы же жоюлушу керек болсо, ушул Мыйзам кабыл алын-

ганга чейин мурунку өлчөмүндө калат.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1925/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1925/st-4)

Бул Мыйзам 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
