# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 269 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын катын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 269 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын катын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.11.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-293/edition/600211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 269 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын катын кароо жөнүндө" токтому (12.11.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19241

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2009-жылдын 12-ноябры № 269 Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын катын кароо жөнүндө Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын 2009-жылдын 11-ноябрындагы № 101 катын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Бешимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын 2009-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышынын токтомун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 240-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 240-беренесинде каралган процедураны иш жүзүнө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жагы Кыргызстандын социал-демократтар партиясына сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.

Төрагасы

Д.Лисовский
