# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-июлунун №133 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзам

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-июлунун №133 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1924>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1846/edition/285170/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-июлунун №133 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзам (27.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1924

---

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы N 318 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2006-жылдын 27-июлу № 133

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор

киргизүү тууралу

2006-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1924/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-

домосттору, 1998-ж., № 4, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толукто-

олор киргизилсин:

1. 7-статьянын биринчи бөлүгүнүн "а" пунктчасындагы ", бирок он

сегиз жаш курагынан ашпайт" деген сөздөр алып салынсын;

2. 9-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга ай сайын берилүүчү бир-

диктүү пособие дайындоо үчүн жыйынды кирешени аныктоонун тартиби жана

айыл чарба ишинен алынуучу кирешелердин ченемдиктери Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогор-

ку Кењеши тарабынан бекитилет.".

3. 11-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "дарылоо мекемелери тарабынан

белгиленген тартипте медициналык корутундусу" деген сөздөр "МСЭКтин ма-

алымат каты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 18-статьянын үчүнчү бөлүгүндө:

"а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"а) он сегиз жашка чейинки майып балдарга - эгерде пособие алуу

үчүн кайрылуу МСЭК маалымат кат берген күндөн алты айдан кечиктирилбей

берилсе, МСЭК тарабынан маалымат кат берилген күндөн баштап,

көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кайрылуу жасалган айдан тартып -

алар он сегиз жашка толгонго чейин;";

"б" пунктунда:

"үч" деген сөз "алты" деген сөзгө алмаштырылсын;

шарттуу кыскартылган "ВТЭК" деген сөз шарттуу кыскартылган "МСЭК"

деген сөз менен алмаштырылсын.

5. 29-статьяда:

аталышы "салык кызматтары" деген сөздөрдөн кийин "жана айыл

өкмөтү" деген сөздөр менен толукталсын;

биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Салык кызматтары салык төлөөчүлөр тарабынан берилген салык декла-

рацияларынын негизинде ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоо

үчүн граждандарга кирешелери жөнүндө маалымат кат беришет; жердин

өлчөмүн жана көрүнүшүн көрсөтүү менен жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө

маалымат кат айыл өкмөтү тарабынан берилет.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1924/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
