Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же алып келинүүчү тамеки буюмдарынын жаңы түрлөрүнүн категорияларын аныктоо жонундо»буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 декабря 2008 года № 735 "О мерах по реализации требований статей 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 и 295 Налогового кодекса Кыргызской Республики и статьи 11 Закона Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-12-30.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 18-июлу № 367-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же алып келинүүчү та-
меки буюмдарынын жањы түрлөрүнүн категорияларын аныктоо, Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-апрелиндеги № 150 "Акциздик товарлар-
дын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жөнүндө"
токтомуна ылайык колдонуудагы тамеки буюмдарынын категорияларын кайра
кароо максатында, ошондой эле министрликтер менен ведомстволордогу
кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги №
194-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
", Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлигинин алдындагы Монополияга каршы саясат боюнча департа-
мент" деген сөздөр ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монопо-
лияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик
агенттик" деген сөздөргө, "Премьер-министрдин Аппаратынын финансы
бөлүмү" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты
бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген, тамеки буюмдарына орточо
рынок бааларын ай сайын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ведомс-
тволор аралык комиссиянын курамы ушул буйрукка тиркемеге ылайык редак-
цияда берилсин;
- көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген, тамеки буюмдарына орточо
рынок бааларын ай сайын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча ведомс-
тволор аралык комиссиянын иши жөнүндө жободо:
2-пунктта "акциздик товарлардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын
ставкаларын кайра кароо жөнүндө" деген сөздөр "юридикалык жана жеке
жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү жана
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү тамеки буюмдарынын катего-
риялары жана маркалары жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16-пунктта "Премьер-министрдин Аппараты" деген сөздөр "Өкмөттүн
Аппараты" деген сөздөргө, "Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарына ак-
циз салыгынын ставкаларын өзгөртүү жөнүндө" 2003-жылдын 30-сентябрында-
гы № 619" деген сөздөр жана цифралар "юридикалык жана жеке жактар тара-
бынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү жана Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында өндүрүлүүчү тамеки буюмдарынын категориялары жа-
на маркалары жөнүндө" 2005-жылдын 1-апрелиндеги № 150" деген сөздөргө
жана цифраларга алмаштырылсын;
22-пунктта "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында-
гы Кирешелер боюнча комитет", "Кыргыз Республикасынын Экономикалык
өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин алдындагы Монополияга
каршы саясат боюнча департамент" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр
тийиштүүлүгүнө жараша "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитети", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекет-
тик агенттик" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
23-пунктта "Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарына акциз салыгы-
нын ставкаларын өзгөртүү жөнүндө" 2003-жылдын 30-сентябрындагы № 619"
деген сөздөр жана цифралар "юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыр-
гыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү жана Кыргыз Республикасынын
аймагында өндүрүлүүчү тамеки буюмдарынын категориялары жана маркалары
жөнүндө" 2005-жылдын 1-апрелиндеги № 150" деген сөздөргө жана цифралар-
га, "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер
боюнча комитет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жы-
йымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө жобого тиркемеде
"Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарына акциз салыгынын ставкаларын
өзгөртүү жөнүндө" 2003-жылдын 30-сентябрындагы № 619" деген сөздөр жана
цифралар "юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын
аймагына алып келинүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагында
өндүрүлүүчү тамеки буюмдарынын категориялары жана маркалары жөнүндө"
2005-жылдын 1-апрелиндеги № 150" деген сөздөргө жана цифраларга алмаш-
тырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы №
260-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 18-июлундагы
N 367-б буйругуна
тиркеме
Тамеки буюмдарына орточо рынок бааларын ай
сайын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Жаманкулов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин
директорунун орун басары, комиссиянын төра-
гасы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Жумабеков Н.К. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйым-
дар боюнча мамлекеттик комитетинин акциздик
салыктарды контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
Осмонов А.О. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин салык
салуу саясаты, тарифтик жөнгө салуу жана
ДСУнун маселелери бөлүмүнүн башчысы;
Өмүрканов Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги-
нин фискалдык мыйзамдар жана мамлекеттик
кирешелерди түзүү саясатын башкарууну баа-
лоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Бегматова Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык
өнүктүрүү жана соода министрлигинин фискал-
дык саясат башкармалыгынын салык саясаты
бөлүмүнүн башкы адиси;
Акматова И.Б. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы ко-
митетинин бажы төлөмдөрү башкармалыгынын
тарифтик жөнгө салуу жана салыктар
бөлүмүнүн улук инспектору;
Кожошева Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин
комплекстүү талдоо бөлүмүнүн начальниги;
Тургунбекова Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар
жана метрология институтунун стандартташты-
руу башкармалыгынын эл аралык стандарттар
бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Э.Рауш - "Реемтсма-Кыргызстан" акционердик коомунун
башкы директору (макулдашуу боюнча);
Акматбаев У.Т. - "Реемтсма-Кыргызстан" акционердик коомунун
корпоративдик жана юридикалык маселелери
боюнча директору (макулдашуу боюнча);
Казакбаев Н.Д. - "Реемтсма-Кыргызстан" акционердик коомунун
корпоративдик маселелери боюнча менеджери
(макулдашуу боюнча);
Ибрагимов Р.Х. - "Top Notch" жоопкерчилиги чектелген коому-
нун директору (макулдашуу боюнча);
Аманулла-Нурмохаммад - "Алкозай СЭЗ" жоопкерчилиги чектелген коо-
мунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 260-б буйругуРаспоряжение · 23.05.2006 · № 260 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005 жылдын 1-апрели, № 150 "Акциздик товарлардын айрым турлоруно акциз салыгынын ставкаларын кайра кароо жонундо" токтомПостановление · 01.04.2005 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства КР от 5 апреля 2004 года № 194-р (О межведомственной комиссии по ежемесячному определению и мониторингу средних рыночных цен на табачные изделия)Распоряжение · 05.04.2004 · № 194 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 260-б буйругуРаспоряжение · 23.05.2006 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 сентября 2003 года №619 " Об изменении ставок акцизного налога на табачные изделия в Кыргызской Республике"Постановление · 30.09.2003 · № 619 · Күчүн жоготкон