# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 605-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 605-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 605-р
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4448/edition/1177758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 605-б буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19188

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 21-ноябры № 605-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы N 369 Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик тењдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы дек- ларациясы кабыл алынгандыгынын 60 жылдыгын майрамдоонун алкагында:

1. 2008-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрына чейин "Аялдарга карата

зомбулукка каршы аракеттенүүнүн 16 күндүгү" деген ар жылдык маалыматтык кампания өткөрүлсүн.

2. Тиркелген: "Аялдарга карата зомбулукка каршы аракеттенүүнүн 16

күндүгү" маалыматтык кампаниясын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы (мын- дан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөөчү органдары:

- Иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын;

- аялдарга карата зомбулукка каршы аракеттенүүгө арналган иш-чара-

ларды өткөрүүнүн жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырыш- сын;

- 2008-жылдын 25-декабрына карата маалыматтык кампания өткөрүүнүн

жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа- ратына беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына жана

башка телерадиокомпанияларга республиканын бардык региондорунда "Аял- дарга карата зомбулукка каршы аракеттенүүнүн 16 күндүгү" маалыматтык кампаниясын өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.

5. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы N 605-б буйругу менен бекитилген

"Аялдарга карата зомбулукка каршы аракеттенүүнүн 16 күндүгү" маалыматтык кампаниясын өткөрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

| N | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | "Аялдарга карата зомбулукка | 2008-жылдын | Кыргыз Республикасынын |
|  | каршы аракеттенүүнүн 16 | 25-ноябры | Өкмөтүнүн Аппаратынын |
|  | күндүгү" |  | социалдык өнүктүрүү |
|  | пресс-конференциясын |  | бөлүмү эл аралык |
|  | өткөрүү |  | уюмдар менен бирдикте |
|  |  |  | (макулдашуу боюнча) |
| 2 | Гендердик тењдештикке | 2008-жылдын | Билиммин, |
|  | жетишүү темасында аялдарга | 25-ноябрь- | Маданиятмаалыммин, |
|  | карата зомбулукту болтурбоо | 10-декабры | ИИМ, Эмгексоцмин, |
|  | маселелери боюнча "тегерек |  | Миграциямамком, |
|  | столдорду", семинарларды, |  | Мамкесиптех, ДСМА, |
|  | дискуссияларды өткөрүү |  | облустардын |
|  |  |  | мамадминистрациялары, |
|  |  |  | Бишкек, Ош шаарларынын |
|  |  |  | мэриялары, коомдук |
|  |  |  | жана эл аралык уюмдар |
|  |  |  | (макулдашуу боюнча) |
| 3 | Аялдарга карата зомбулукка | 2008-жылдын | Билиммин, |
|  | каршы күрөшүүнүн эл аралык | 25-ноябрь- | Маданиятмаалыммин, |
|  | күнүнө жана Адам | 10-декабры | Мамкесиптех, |
|  | укуктарынын эл аралык |  | облустардын |
|  | күнүнө арналган |  | мамадминистрациялары, |
|  | көргөзмөлөрдү, мектептик |  | Бишкек, Ош |
|  | жана студенттик иштерге |  | шаарларынын мэриялары |
|  | сынактарды өткөрүү |  |  |
| 4 | Аялдарга карата зомбулукту | 2008-жылдын | Билиммин, ИИМ, |
|  | түп тамырынан жок кылуу | 25-ноябрь- | Миграциямамком, |
|  | маселелери (кыз ала качуу, | 10-декабры | Мамкесиптех, ДСМА, |
|  | үй-бүлөдөгү зомбулук, |  | коомдук жана эл |
|  | аялдарды сатууга каршы |  | аралык уюмдар |
|  | күрөшүү) боюнча |  | (макулдашуу боюнча) |
|  | лекцияларды, студенттик |  |  |
|  | илимий-практикалык |  |  |
|  | конференцияларды өткөрүү |  |  |
| 5 | Аялдарга карата зомбулукту | 2008-жылдын | Билиммин, Мамкесиптех, |
|  | болтурбоого багытталган | 25-ноябрь- | коомдук жана эл аралык |
|  | класстык сааттарды жана | 10-декабры | уюмдар (макулдашуу |
|  | класстан тышкаркы |  | боюнча) |
|  | иш-чараларды өткөрүү |  |  |
| 6 | Калктын социалдык-аялуу | 2008-жылдын | Министрликтер, |
|  | категорияларындагы аялдарга | 25-ноябрь- | мамкомитеттер, |
|  | жардам көрсөтүүнү караган | 10-декабры | ведомстволор, |
|  | кайрымдуулук иш-чараларын |  | облустардын |
|  | өткөрүү |  | мамадминистрациялары, |
|  |  |  | Бишкек, Ош шаарларынын |
|  |  |  | мэриялары, коомдук |
|  |  |  | жана эл аралык уюмдар |
|  |  |  | (макулдашуу боюнча) |
| 7 | Үй-бүлөдө зомбулуктан жабыр | 2008-жылдын | ИИМ, Билиммин, |
|  | тарткан адамдарды | 25-ноябрь- | Маданиятмаалыммин, |
|  | социалдык-укуктук жактан | 10-декабры | Эмгексоцмин, |
|  | коргоо жөнүндө калкка |  | Мамкесиптех, ДСМА, |
|  | маалымдоо ("Үй-бүлөдөгү |  | облустардын |
|  | зомбулуктан социалдык |  | мамадминистрациялары, |
|  | укуктук коргоо жөнүндө" |  | Бишкек, Ош шаарларынын |
|  | Кыргыз Республикасынын |  | мэриялары, коомдук |
|  | Мыйзамынын нормалары) |  | жана эл аралык уюмдар |
|  |  |  | (макулдашуу боюнча) |
| 8 | Телекөрсөтүүдөн жана | 2008-жылдын | Маданиятмаалыммин, |
|  | радиодон аялдардын | 25-ноябрь- | УТРК (макулдашуу |
|  | укуктарын коргоо | 10-декабры | боюнча), "ЭлТР - |
|  | маселелерине арналган |  | коомдук телекөрсөтүү" |
|  | атайын программаларды |  | телерадио компаниясы |
|  | чыгаруу |  | (макулдашуу боюнча) |
