# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы №624 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарга жана интернат-үйлөрдө жашаган адамдарга Майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү максаты жөнүндөгү"буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы №624 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарга жана интернат-үйлөрдө жашаган адамдарга Майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү максаты жөнүндөгү"буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 624
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4446/edition/527335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы №624 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарга жана интернат-үйлөрдө жашаган адамдарга Майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү максаты жөнүндөгү"буйругу (24.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19185

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 27-ноябры № 624-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык)

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарга жана интернат-үйлөрдө жашаган адамдарга Майыптардын эл аралык күнүнүн алкагында даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү максатында:

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча 2008-жылдын 3-декабрынан 2009-жылдын 3-январына чейин бир айлык өткөрүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого карата бир айлык өткөрүү боюнча иш-чаралар планы;

- ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн тизмеси.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары майыптар үчүн интернат-үйлөргө жана интернат-мектептерге ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына Майыптардын эл аралык күнүнө даярдыктын жана республиканын бардык региондорунда бир айлыктын жүрүшүн жана өткөрүлүшүн чагылдыруу сунушталсын.

5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын жетекчилери жана башка кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ушул буйрук менен бекитилген планга ылайык мектептерде жана интернат-үйлөрдө болууну кошо алганда жасалган иштер жөнүндө 2009-жылдын 5-январына чейин маалымат беришсин.

6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2009-жылдын 20-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган маалымат берсин.

7. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 524-б буйругу менен бекитилген

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген

адамдарды колдоого карата бир айлык

өткөрүү боюнча иш-чаралар

ПЛАНЫ

| № | Иш-чаралардын аталышы | Мөөнөтү | Жооптуулар |
| --- | --- | --- | --- |
| 1. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Маалыматтык ресурстук борбордун ачылышы | 2008-жылдын 3-декабры | Эмгексоцмин, "Jica" Япония агенттиги (макулдашуу боюнча) |
| 2. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой, аз камсыздалган адамдар үчүн кайрымдуулук тамактанууларды уюштуруу | 2008-жылдын 3-декабры - 2009-жылдын 3-январы | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 3. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өтө муктаж адамдарга кышкы отун сатып алуу, турак жайын оңдоо үчүн колдон келишинче материалдык жардам көрсөтүү | 2008-жылдын 3-декабры - 2009-жылдын 3-январы | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 4. | Мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз медициналык консультация көрсөтүү | 2008-жылдын 3-декабры - 2009-жылдын 3-январы | Саламатсакмин |
| 5. | Зарыл болгон жардамды көрсөтүү максатында жалгыз бой майыптардын материалдык-тиричилик шарттарын иликтөөнү жүргүзүү | 2008-жылдын 3-декабры - 2009-жылдын 3-январы | Эмгексоцмин, облустук мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 6. | Теардык-оюн-зоок иш-чараларына акысыз кирүүнү уюштуруу | 2008-жылдын 3-декабры - 2009-жылдын 3-январы | Маданиятмаалыммин, облустук мамадминистрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 7. | Медициналык көрсөткүчү бар муктаж майып пенсионерлерди жеке алга жылуу каражаттары (кресло-коляска) менен камсыз кылуу | Дайыма | Эмгексоцмин, Саламатсакмин |
| 8. | Интернат-мектептерге, интернат-үйлөргө социалдык колдоо (тамак-аш азыктары, отун, кийим ж.б.) көрсөтүү | Дайыма | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 9. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык колдоо жана бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү | Дайыма | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустук мамадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |
| 10. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тиричилик кызматтарын акысыз пайдаланууга жардам көрсөтүү (бут кийим оңдоо, чач-тарач, мончо ж.б.) | Дайыма | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдары |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 524-б буйругу менен бекитилген

Ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн

министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге,

администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин

башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик

администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруунун аткаруу-тескөө органдарына

бекитилген интернат-үйлөрдүн

ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык)

| Интернат-үйлөр | Мекемелердин аталыштары |
| --- | --- |
| Төмөнкү-Серафимовка кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Соцфонд (макулдашуу боюнча), МУКК |
| Токмок № 1 эркектер психоневрологиялык интернат-үйү | Коргоомин |
| Токмок № 2 аралаш психоневрологиялык интернат үйү | Маммүлкком |
| Сокулук кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Юстмин |
| КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту |  |
| Бишкек шаардык кары-картаңдар үчүн интернат-үйү | Бишкек шаарынын мэриясы, Экономсоодамин |
| Жайыл аялдар психоневрологиялык интернат-үйү | Айылсуучарбамин |
| Покровка кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Транкоммин |
| Бакай-Ата майыптар үчүн интернат-үйү | ӨКМ |
| Кадамжай аралаш психоневрологиялык интернат-үйү | Мамкаттоо |
| КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту |  |
| Сузак кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Өнөржайэнермин |
| Ак-Суу аялдар психоневрологиялык интернат-үйү | Мамлекеттик бажы комитети |
| Сүлүктү жалгыз бой жана кары-картаң жарандар үчүн интернат-үйү | МРТМА |
| КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту |  |
| КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 15-б буйругунун редакциясына ылайык күчүн жоготту |  |
