# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы №621 "Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорттук каражаттарына мамлекеттик но-мердик белгилерди ыйгарууну жана берүүнү тартипке келтирүү максатындагы"буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы №621 "Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорттук каражаттарына мамлекеттик но-мердик белгилерди ыйгарууну жана берүүнү тартипке келтирүү максатындагы"буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 621
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4445/edition/299248/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы №621 "Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорттук каражаттарына мамлекеттик но-мердик белгилерди ыйгарууну жана берүүнү тартипке келтирүү максатындагы"буйругу (26.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19184

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 26-ноябры № 621-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук

мекемелеринин, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюм-

дардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорттук каражаттарына мамлекеттик но-

мердик белгилерди ыйгарууну жана берүүнү тартипке келтирүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте:

- Кыргыз Республикасында жањыдан ачылган Чет мамлекеттердин дипло-

матиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле

Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын

өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорттук каражаттары үчүн номердик белгилерди

катар номерлөө нотанын негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-

нистрлиги тарабынан ыйгарылаарын кароо менен бир айлык мөөнөттө чет

мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемеле-

ринин, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын

өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорттук каражаттарына номердик белгилердин

техникалык сүрөттөлүшүн жана каттоо (кайра каттоо) тартибин иштеп чык-

сын жана бекитсин;

- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык кел-

тирсин;

- Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык

өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Рес-

публикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн

автотранспорттук каражаттарына жањы үлгүдөгү каттоочу номер белгилерин

алмаштырууну мурда берилген каттоочу номер белгилеринин колдонулуу

мөөнөтү бүткөнүнө жараша жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык

өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле Кыргыз Республика-

сында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жабылган

учурларда катар номерлөө аталган өкүлчүлүктөрдө жана мекемелерде сакта-

ла тургандыгы белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-декабрындагы №

685-б КПҮ буйругунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-июлундагы № 382-б

буйругу.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
