# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 511 " Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүүтууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жана аларды бажылык тариздөө жөнүндө" тиркелген Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 511 " Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүүтууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жана аларды бажылык тариздөө жөнүндө" тиркелген Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 511
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4429/edition/299233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 511 " Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүүтууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жана аларды бажылык тариздөө жөнүндө" тиркелген Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен макулдук берилсин. (06.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19167

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 6-октябры № 511-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык

бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы "Кыргыз Республикасы ме-

нен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү

тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жана аларды бажылык тариздөө жө-

нүндө" тиркелген Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өз-

гөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен

макулдук берилсин.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен

Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБК) ортосундагы

"Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы

өз ара соодада товарларды өткөрүү тууралуу маалымат алмашууну

уюштуруу жана аларды бажылык тариздөө жөнүндө"

ПРОТОКОЛ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана Федералдык

бажы кызматы (Россиянын ФБКсы) (Мындан ары - Тараптар),

1995-жылдын 20-январындагы Бажы бирлиги жөнүндө макулдашууга не-

гизденип,

Бажы бирлигине катышуучу-мамлекеттердин бажы органдарынын ортосун-

да өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы кон-

тролу жөнүндө 2000-жылдын 17-февралындагы протоколдун жоболорун жетек-

чиликке алып,

Тараптардын биринин мамлекетинин аймагынан ташылып чыккан жана

башка Тараптын мамлекетинин аймагына ташылып кирген товарларга карата

бажы контролунун майнаптуулугун жогорулатуу максатында,

төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-берене.

Тараптар бул Протоколго тиркелген жана ажырагыс бөлүгү болгон Кыр-

гыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада

товарларды өткөрүү тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жана аларды ба-

жылык тариздөө жөнүндө жобону (мындан ары - Жобо) колдонушат.

2-берене.

Тараптар маалымат алмашуунун жыйынтыгында алынган өткөрүлгөн то-

варлар тууралуу маалыматтардын ылайык келбестигин же туура эместигин

табуу боюнча чараларды көрүшөт жана табылган фактылар тууралуу бири-би-

рине маалымдашат.

3-берене.

Тараптардын ортосунда бул Протоколдун жоболорун түшүндүрүүдө же

колдонууда талаштар жана пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Та-

раптар аларды консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен

чечишет.

4-берене.

Зарыл учурларда Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Протоколго

өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

5-берене.

Протоколдун тиркемелери этап менен, Тараптардын маалымат алмашууга

карата техникалык даярдыктары болгондо алардын өз ара макулдашуусу бо-

юнча аныкталган мөөнөттө күчүнө кирет.

6-берене.

Бул Протоколго ылайык кайсы гана болбосун Тараптын алган маалыма-

ты, маалымат алган Тараптын башка мамлекеттик же башка органдарына маа-

лымат берген Тараптын кат жүзүндөгү макулдугу менен гана берилет.

7-берене.

Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

8-берене.

Кайсы гана болбосун Тарап бул Протоколдун колдонулуусун экинчи Та-

рапка өзүнүн ниети тууралуу, анын колдонулуусу токтотулган күнгө чейин

алты ай мурун кат жүзүндө билдирүү жиберүү менен токтото алат.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында 200\_\_-жылдын "\_\_\_"\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ эки нус-

када ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст бирдей күч-

кө ээ.

Кыргыз Республикасынын Федералдык бажы кызматы

Мамлекеттик бажы үчүн (Россиянын ФБКсы)

комитети үчүн

Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик бажы комитети менен

Федералдык бажы кызматынын

(Россиянын ФБКсы) ортосундагы

"Кыргыз Республикасы менен Россия

Федерациясынын ортосундагы өз ара

соодада товарларды өткөрүү тууралуу

маалымат алмашууну уюштуруу

жана аларды бажылык тариздөө

жөнүндө" Протоколго

тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын

ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү

тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жана

аларды бажылык тариздөө жөнүндө

Жобо

1. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы

өз ара соодада товарларды өткөрүү тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу

жана аларды бажылык тариздөө жөнүндө бул Жобо (мындан ары-Жобо) бир Та-

раптын мамлекетинин аймагынан ташылып чыккан жана экинчи Тараптын мам-

лекетинин аймагына ташылып кирген товарлар жөнүндө маалымат алмашууну

жүзөгө ашыруу боюнча Тараптардын функцияларын аныктайт.

1.2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

жөнөткөн өлкө - товарларды ташып чыгуу каралган бажы режимине

ылайык товарлар аймагынан өз ара соодада өткөрүлүүчү Тараптын мамлеке-

ти;

жеткирилүүчү өлкө - товарларды ташып кирүү каралган бажы режимине

ылайык товарлар аймагына өз ара соодада өткөрүлүүчү Тараптын мамлекети.

1.3. Бул Жобонун максаттары үчүн өткөрүлгөн товарлар тууралуу маа-

лымат топтоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Тараптардын Маалымат

топтоо борбору эсептелет (мындан ары - МТБ):

Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комите-

тинин ыйгарым укуктуу бөлүмчөсү;

Россия Тараптан - Федералдык бажы кызматынын Башкы илимий-маалы-

маттык эсептөө борбору.

Өзүлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарын алмаштырган учурда Тараптар

бул тууралуу бири-бирине дипломаттык каналдар боюнча дароо кабарлашат.

1.4. Тараптардын МТБларынын ортосунда маалымат берүүлөрү бул Жобо-

нун тиркемесинде келтирилген Кыргыз Республикасы менен Россия Федераци-

ясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажы-

лык тариздөө жөнүндө маалымат алмашуунун техникалык шарттарына (мындан

ары - Техникалык шарттар) ылайык жүргүзүлөт.

1.5. Маалыматтын түзүмү жана форматтары Техникалык шарттарда кел-

тирилген.

2. Жөнөткөн өлкөнүн бажы аймагынан жеткирилүүчү

өлкөнүн бажы аймагына ташылып чыгуучу товарлар

жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана берүү

2.1. Жөнөтүүчү өлкөнүн бажы органы ташылып чыгып жаткан товарлар

тууралуу маалыматтарды жөнөтүүчү өлкөнүн МТБсына жиберет.

2.2. Жөнөткөн өлкөнүн МТБсы жөнөткөн өлкөнүн бажы органдарынан

алынган маалыматтарды жалпылап, ташылып жаткан товарлар тууралуу маалы-

маттарды Техникалык шарттарга ылайык жеткирилүүчү өлкөнүн МТБсына жибе-

рет.

3. Жеткирилүүчү өлкөдө бажы жагынан таризделген товарлар

тууралуу маалыматтарды даярдоо жана берүү

3.1. Жөнөткөн өлкөдөн ташылып чыккан товарларды бажылык тариздөөнү

жүргүзгөн жеткирилүүчү өлкөнүн бажы органдары бул товарлар тууралуу

маалыматтарды жөнөткөн өлкөнүн МТБсына жиберет.

3.2. Жөнөткөн өлкөдөн ташылып кирген, таризделген товарлар туура-

луу маалыматтарды жеткирилүүчү өлкөнүн МТБсы жалпылайт жана Техникалык

шарттарга ылайык жөнөткөн өлкөнүн МТБсына жиберет.

Кыргыз Республикасы менен

Россия Федерациясынын

ортосундагы өз ара соодада

товарларды өткөрүү тууралуу

маалымат алмашууну уюштуруу

жана аларды бажылык тариздөө

жөнүндө жобого

тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын

ортосундагы өз ара соодада товарларды өткөрүү

жана аларды бажылык тариздөө

жөнүндө маалымат алмашуунун

техникалык шарттары

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул документте келтирилген файлдардын түзүмү Кыргыз Республи-

касы менен Россия Федерациясынын ортосундагы өз ара соодада товарларды

өткөрүү тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жана аларды бажылык тариз-

дөө жөнүндө жобону ишке ашырууга арналган. Тараптардын МТБлары маалымат

алмашууну Кыргыз Республикасынын бажы кызматына караштуу Россия Федера-

циясынын Бажы кызматынын өкүлчүлүгү аркылуу жүргүзүшөт.

1.2. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы

өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө жөнүндө

маалыматтарды берүү түзүмү төмөндө келтирилген DBASE форматында ай сай-

ын жүргүзүлөт. Маалыматтар бажы статистикасында эске алынган бажы ре-

жимдерине ылайык түзүлөт.

1.3. Маалыматтарды берүүдө маалыматтык негиз болуп төмөнкүдөй

стандартташкан электрондук маалымдамалар курамында болгон норматив-

дик-маалымдама маалыматтар эсептелет:

"Бажы органдары";

"Дүйнө өлкөлөрү жана аймактар";

"ТЭИ ТН";

"Ченөө бирдиктери";

"Транспорт түрлөрү";

"Бажылык режимдер".

Тараптардын МТБсы кабыл алынган регламентке ылайык актуалдуу маа-

лымдама маалыматтар менен алмашууну жүргүзүшөт.

1.4. Тараптардын ар бири экинчи Тараптын документтеринин номерле-

рине дал келген маалыматтар толтурулганына карабай бирдиктүү алгоритм

боюнча бажылык тариздөө файлдарын түзүшөт.

2. Берилүүчү маалыматтардын түзүмү

Өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө жө-

нүндө маалыматтар менен алмашууну ишке ашыруу үчүн жөнөткөн өлкөнүн

МТБсынын товарлардын экспорту жана жеткирилүүчү өлкөнүн МТБсынын бажы-

лык тариздөө жөнүндө кабарлоолорунун жыйынтык файлы (архивдик файлы)

колдонулат.

2.1. Архивдик файлдын түзүмү

Тараптардын биринин МТБсы экинчи Тарапка берүү үчүн архивдик файл-

ды түзөт.

Архивдик файл төрт маалыматтар файлынан турат:

- жалпы маалыматтар файлы (HEAD.DBF);

- товарлар файлы (GOODS.DBF);

- транспорт каражаттарынын файлы (TRANS.DBF);

- ЖБД номерлеринин ылайык келүү файлы (JOIN.DBF).

2.2. Архивдик файлдын түзүмү

Файлдар ARJ.EXE архиватору менен архивделет.

Кабарлоолордун архивдик файлынын аталышынын түзүмү:

VTKKKKKD.NNN, мында:

VT - өз ара соода тууралуу архивдик файлдын белгиси;

ККККК - жөнөткөн бажы органынын коду:

41700 - Кыргыз Республикасынын МБК;

90000 - Россиянын ФБК;

D - топтолгон куну (1ден 9 чейинки сандар, мындан ары A, B, C, D,

...., V);

NNN - файлдын катар номери (000дон 999 чейинки символдор).

2.3. Жалпы маалыматтар файлынын түзүмү

| Файлдын аталышы: | Индекстик түшүндүрмөсү |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| HEAD.DBF | ND |  |  |
| Катар № | Талаанын аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сүрөттөлүшү |
| 1 | ND | С 23 | ЖБД номери |
| 2 | RECVCONTR | С 3 | Жеткирилүүчү өлкөнүн |
|  |  |  | коду |
| 3 | SENDCONTR | С 3 | Жөнөткөн өлкөнүн коду |
| 4 | G011 | С 2 | Өткөрүүнүн багыты |
| 5 | G021 | С 12 | Жөнөтүүчүнүн СТИН/СТКН |
| 6 | G022 | С 150 | Жөнөтүүчүнүн аталышы |
| 7 | G023 | С 150 | Жөнөтүүчүнүн дареги |
| 8 | G082 | С 150 | Алуучунун аталышы |
| 9 | G083 | С 150 | Алуучунун дареги |
| 10 | G092 | С 150 | Финансылык жөнгө |
|  |  |  | салууга жооптуу |
|  |  |  | жактын аталышы |
| 11 | G093 | С 150 | Финансылык жөнгө |
|  |  |  | салууга жооптуу |
|  |  |  | жактын дареги |
| 12 | G05 | № 5 | Товарлардын жалпы саны |
| 13 | G19 | С 1 | Контейнердин белгиси |
| 14 | G222 | № 17.2 | Жалпы фактуралык наркы |
| 15 | G23 | № 11.4 | Валюта курсу |

2.4. Товарлар файлынын түзүмү

| Файлдын аталышы: | Индекстик түшүндүрмөсү |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| GOODS.DBF | ND, G32 |  |  |
| Катар № | Талаанын аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сүрөттөлүшү |
| 1 | ND | С 23 | ЖБД номери |
| 2 | G32 | № 5 | Товардын номери |
| 3 | G33 | C 10 | Товардын коду |
| 4 | G31 1 | С 250 | Товардын сүрөттөлүшү |
| 5 | G41A | С 3 | Кошумча ченөө бирдиги |
| 6 | G31\_7 | № 19.6 | Товарлардын саны КЧБда |
| 7 | G38 | № 19.6 | Товардын нетто |
|  |  |  | салмагы, кг |
| 8 | G221 | С 3 | Валютанын коду |
| 9 | G42 | № 17.2 | Товардын фактуралык |
|  |  |  | наркы |
| 10 | G46 | № 17.2 | Статистикалык наркы |
| 11 | G35 | № 19.6 | Брутто салмак |
| 12 | G37 | С 6 | Жол-жобо |
| 13 | G44\_1 | С 250 | Контракттын номери |

2.5. Транспорт каражаттарынын файлынын түзүмү

| Файлдын аталышы: TRANS.DBF |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| Катар № | Талаанын аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сүрөттөлүшү |
| 1 | ND | С 23 | ЖБД номери |
| 2 | NGR | С 2 | Кењейтүү графасынын |
|  |  |  | номери (18, 21, 25, |
|  |  |  | 26, 27, 29) |
| 3 | VIDTRANS | С 2 | Транспорт каражатынын |
|  |  |  | түрү |
| 4 | NTRANS | С 40 | Транспорт каражатынын |
|  |  |  | номери |
| 5 | NTRANS1 | С 40 | Жарым чиркегичтин |
|  |  |  | номери |
| 6 | NTRANS2 | С 40 | Чиркегичтин номери |

2.6. ЖБД номерлеринин ылайык келүү файлынын түзүмү (жеткирилүүчү

өлкөнүн МТБсы бажылык тариздөө үчүн толтурат)

| Файлдын аталышы: Индекстик түшүндүрмөсү: |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| JOIN.DBF ND, ND\_EX |  |  |  |
| Катар № | Талаанын аталышы | Тиби жана өлчөмү | Сүрөттөлүшү |
| 1 | ND | С 23 | ЖБД номери |
| 2 | ND\_EX | С 150 | Чектеш Тараптын |
|  |  |  | экспорттук ЖБД |
|  |  |  | номери |
