Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 августа 2008 года № 468 "О Совете по информационно-коммуникационным технологиям при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-12-22.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 19-декабры № 706-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Финансылык чөйрөдө интеграцияланган ведомстволук маалыматтык сис-
темаларды жана ресурстарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын, Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын, Кыргыз Респуб-
ликасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Борбордук ка-
зыналыгынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтык
ресурстарынын өз ара алмашуусу үчүн долбоорлорду координациялоо макса-
тында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ бекитилсин:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы
министри, жумушчу топтун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-
кациялар министринин орун басары;
Калдыбаев Э.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-
кеттик салык инспекциясынын директорунун орун
басары;
Темирбеков М.А. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыгы-
нын директору;
Молдоканов Ш.И. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрага-
сынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-
кеттик бажы инспекциясынын директорунун кењеш-
чиси;
Мамбеталиев М.М. - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун пре-
зиденти (макулдашуу боюнча);
Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы -
басма сөз кызматынын "электрондук өкмөттү" ишке
киргизүү боюнча секторунун башчысы;
Андоверов А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-
кеттик салык инспекциясынын маалыматтык техно-
логиялар башкармалыгынын начальнигинин орун ба-
сары;
Маматалиев М.А - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маа-
лыматтык системалар башкармалыгынын начальниги
(макулдашуу боюнча);
Семенов А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-
кеттик бажы инспекциясынын АБСти автоматташты-
руу жана ишке киргизүү бөлүмүнүн начальниги;
Сулайманов А.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
төлөмдүк системалар башкармалыгынын начальниги
(макулдашуу боюнча);
Кыдыралиев Т.Н. - Дүйнөлүк банктын GSAC/GТАС маалыматтык техноло-
гиялар долбоору боюнча координатору (макулдашуу
боюнча).
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Финансылык чөйрөдө маалыматтык
ресурстарды өз ара алмашууну уюштуруу үчүн ведомстволук маалыматтык
системаларды интеграциялоону жана координациялоону камсыздоо боюнча
иш-чаралар планын (мындан ары - иш чаралар планы) иштеп чыксын жана
белгиленген тартипте бекитсин.
3. Жумушчу топтун жетекчиси иш-чаралар планынын белгиленген
мөөнөттө жүзөгө ашырылышын камсыздасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы -
басма сөз кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.