# (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-июлундагы № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын тарабынан даярдалган маалыматы жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы №462-б буйругу

- Толук аталышы: (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-июлундагы № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын тарабынан даярдалган маалыматы жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы №462-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 462
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4418/edition/299224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-июлундагы № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын тарабынан даярдалган маалыматы жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы №462-б буйругу (13.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19156

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 13-сентябры № 462-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-июлунда-

гы № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын текшерүүлөрүнүн жү-

рүшүндө табылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майын-

дагы № 184-б буйругун аткаруудагы кемчиликтерди жана бузууларды четте-

түү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-ию-

лундагы № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссия тарабынан даяр-

далган тиркелген маалыматы эске алынсын.

2. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары,

Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майындагы № 184-б

буйругун аткаруунун жүрүшүндө кемчиликтерге жол берген адамдардын жооп-

керчилиги жөнүндө маселени карашсын;

- өз каражаттарынын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандарына унду жеткирүүнү камсыз кылышсын;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрли-

гинин разнарядкасы боюнча унду так сатылышына контролдукту камсыз кы-

лышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:

- "Калктын аз камсыздалган катмары үчүн унду минералдык-витаминдик

кошулмалар менен байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын вице-премь-

ер-министринин 2008-жылдын 13-майындагы № 20-13 протоколдук тапшырмасын

тийиштүү түрдө аткарууну камсыздасын;

- бир жумалык мөөнөттө райондун борборлоруна унду жеткирүүнү бүт-

көрсүн;

- райондук борборлорго унду өз убагында жеткирбөө практикасы улан-

тылган учурда, бузууларга жол берген адамдарга карата тартиптик таасир

көрсөтүү чараларын кабыл алсын.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-

лиги облустардын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администраци-

ялары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте:

- калктын социалдык аярлуу катмары менен иштөөдө жумушчу комиссия

тарабынан табылган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды кабыл алсын;

- үймө-үй кыдыруу жана үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын текшерүүнүн

негизинде социалдык паспортторду тактоо жүргүзсүн;

- социалдык паспортторду өз убагында жана сапаттуу толтуруу боюнча

айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери үчүн окутуучу семинарларды өт-

көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы:

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана мате-

риалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин кытайда өндүрүлгөн ун-

ду сатып алышы боюнча 2008-жылдын 22-июлундагы № 20-1355 протоколдук

тапшырмасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты берсин;

- ун зыянкечтери менен жуккан унду "Балыкчы-Дан-Азык" дан азык

комбинатынын складында табылган факты боюнча маалыматты берсин.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 21-сентябрындагы

№ 462-б буйругуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

2008-жылдын 25-июлундагы № 292 буйругу менен

түзүлгөн жумушчу комиссиялардын

текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары жөнүндө

МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-июлунда-

гы № 292 буйругуна ылайык жумушчу комиссиялар өздөрүнүн иштерин

2008-жылдын 31-июлунан 2008-жылдын 8-августуна чейин жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унду сактоо жана сатуу боюнча кампа жайлар-

дын бар же жок экени жана учурдагы абалы, ошондой эле ундун көлөмү жана

сапаты боюнча абал текшерилди. Социалдык коргоо чаралары даректүү көр-

сөтүлүшүн тактоо, ошондой эле жењилдиктүү ундун баасын мониторингдөө

максатында жер-жерлерге чыгуу менен аз камсыз үй-бүлөлөрдүн үй чарбала-

ры иргеп изилденди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

республикадагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмелерин облустук мамлекеттик

администрацияларга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-

кеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик

агенттикке (мындан аны - Мамагенттик) облустар жана райондор боюнча өз

убагында берген. Унга болгон жалпы керектөө 321068 аз камсыз үй-бүлө

үчүн 8027 тоннаны түзгөн.

Мамагенттик Казакстан Республикасында өстүрүлгөн 10,06 мињ тонна

аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгарган жана андан ун тарткан.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана "Байытыл-

ган ун чыгаруучулар" ассоциациясынын маалыматтары боюнча 2008-жылдын

8-августуна карата 6128.0 тонна ал ун минералдык-витаминдик кошулмалар

менен байытылган жана мүшөктөрдүн этикеткаларына "Обогащенная мука" де-

ген марка коюлган (Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин

2008-жылдын 13-майындагы № 20-13 тапшырмасына ылайык).

Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө республиканын региондорунда Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна

ылайык сатылган ундун негизги бөлүгү минералдык-витаминдик кошулмалар

менен байытылбаганы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 10-июнунда-

гы № 20-15 "Республиканын аз камсыз үй-бүлөлөрүн арзандатылган баадагы

ун менен камсыздоо жөнүндө" тапшырмасына ылайык Мамагенттик республика-

нын региондоруна аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн ун жеткирүүнүн 2008-жылдын

10-июнунан 2008-жылдын 10-июлуна чейинки графигин белгилеген. Бирок

2008-жылдын 8-августуна карата Мамагенттик Ош жана Бишкек шаарларына,

Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Ош облустарына

183244 аз камсыз үй-бүлө үчүн бир үй-бүлөгө 25 кг ун эсебинде 4581 тон-

на ун жеткирген, же бул керектүүнүн 57,1 процентине барабар.

Мында аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн унду Мамагенттик гана, элден акча

каражат түшүшүнө жараша ишке ашырган. Банктардын реквизиттери үч жолу

алмашып, элге арзан баадагы ун сатуу боюнча ишти татаалдаштырганын айта

кетүү зарыл.

Ошентип, Мамагенттик райондук борборлорго унду өз убагында жетки-

рүү боюнча тийиштүү чара көргөн эмес. Элден ун үчүн акча каражат

2008-жылдын июнунан тартып түшө баштаганына карабастан аны керектөөчү-

лөргө жеткирүү өтө жай темпте болгон. Натыйжада, текшерүүнүн башталышы-

на карата, бир айдан кийин Ош облусу боюнча акысы төлөнгөн товардын жа-

рымы гана берилген (38,0 млн. сом которулган, 19,0 млн. сомго ун алын-

ган), 2008-жылдын 1-августуна карата облус боюнча камсыздык 24,6 % гана

болгон. Нарын облусунун Жумгал районунда, Баткен облусунун Кадамжай жа-

на Баткен райондорунда да ушундай абал болгон. Керектөөчүлөр өз убагын-

да акысын төлөгөн ундун өз убагында берилбегени социалдык чыњалуу жара-

тат.

Райондордун мамлекеттик администрациялары унду жергиликтүү өз ал-

дынча башкаруу органдарына (айыл өкмөттөр, шаар башкармалары, мэриялар)

өз каражаттарынын эсебинен жеткиришкен. Ошондой болсо да, бир топ айыл

өкмөттөрдө ун алуучулардан жеткиргендик, келген унду түшүргөндүк жана

кампага жыйгандык үчүн кошумча акы алынганын айтып коюу зарыл. Мисалы,

Баткен облусунун Баткен шаар башкармасындагы Суубашы айыл өкмөтүндө,

Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүндө, Нарын облусунун Кочкор районунда-

гы Семиз-Бел айыл өкмөтүндө, Ош шаарынын аймактык кењештеринде 1 кг ун-

дун баасы 16,8 сомду түзгөн. Мында кошумча акча тийиштүү документтерди

тариздебестен чогултулган.

Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат

жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик калктын аз

камсыз катмарларына сатылчу ундун баасын мүшөк таранын жана райондук

борборлорго, Бишкек жана Ош шаарларына чейинки транспорттук чыгымдардын

наркын эске алуу менен 1 кг үчүн 16,60 сомдон белгилеген.

Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарла-

рынын мэриялары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын

6-майындагы № 184-б буйругун жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-

дын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткарышы боюнча буй-

руктар чыгарылып, райондор менен айыл өкмөттөрүнө карата разнарядкалар

бекитилген.

Ошондой эле, жумушчу комиссиялары тарабынан унду сактоо жана сатуу

боюнча кампа жайларынын болушуна жана алардын абалына текшерүү жүргү-

зүлгөн. Айрым райондордо жана айыл өкмөттөрүндө кампалар жок. Кампа

жайларынын жалпы абалы Нарын облусунун Кочкор районундагы (Семиз-Бел

айыл өкмөтү) жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кампа жайларын

кошпогондо канааттандырарлык. Кампалардагы болгон ун "Буудай-Токмок"

ААКында, "Буудай-Кара-Балта" АКында, "Кызыл-Кыя" АКында, "Азрат-Айыб

Жалал-Абад" АКында, "Талас Дан-Азык" АКында өндүрүлгөн. Лабораториялык

изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн унду сынак тандоо эки ирет жүргүзүлгөн.

Жер-жерлерде унду алдын ала лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары

ундун сапаттуу жана керектөөгө жарактуу экендигин көрсөттү.

Мындан тышкары жумушчу комиссиясы Нарын жана Ысык-Көл облустарын-

дагы Мамлекеттик агенттиктин кампаларын текшерген, аларда кытай өндүрү-

шүндөгү ундар бар. 2008-жылдын 28-июнунан 21-июлуна чейин "Кыргызресур-

стары" МИ аркылуу "Балыкчы-Дан-Азык" нан азыктар комбинатынын кампа

жайларына КЭРден биринчи сорттогу жалпы салмагы 952,7 тонна ун келип

түшкен. Берилген маалымкатта жана "Дан-Азык" комбинатынын лаборатория-

лык сыноолорунун протоколунда 235 тонна унда зыяндуу кошулмалар (ун зы-

янкечтери) табылгандыгы, 1064 мүшөк ун сууланып калгандыгы тууралуу

маалымат камтылган. Бул ун Мамматрезервдин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча

аз мүлктүү үй-бүлөлөргө арналган. Бул факты боюнча азыркы убакта Кыргыз

Республикасынын Финансы полиция кызматы тарабынан териштирүү жүргүзү-

лүүдө.

Ошону менен бирге "Кызыл-Кыя" АКынын жана "Азрат-Айыб Жалал-Абад"

АКынын ун комбинаттарында II сорттогу ундун ашыкча запасы (498,5 тонна)

түзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Айыл жерлериндеги калкты иргеп су-

рамжылоо нан бышыруу үчүн бул унду сатып алууну каалагандыктарын көр-

сөттү. II сорттогу ундун баасы 13,3 сомду түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майындагы № 184-б

буйругуна ылайык унду сатуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына

жүктөлгөн. Алсак, 2008-жылдын 8-августундагы абал боюнча бардыгы болуп

166776 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 4169,4 тонна же жеткирилген ундун

91 проценти сатылган. Унду сатуунун даректүүлүгүн аныктоо жана коомдук

пикирди изилдөө, ошондой эле ундун сапаты тууралуу маалымат алуу макса-

тында комиссия мүчөлөрү ун алуучулар болуп саналган аз мүлктүү үй-бүлө-

лөрдү иргеп текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Айыл жана шаар башкармалыктарында-

гы болгон бардык жерлерде ундун салмагына жана сапатына даттануулар

болгон жок.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда көрсөтүлгөн буйругуна

ылайык аз мүлктүү калктын арасында Казакстан Республикасынын өндүрүшү-

нөн чыккан азык-түлүк буудайынан брондон чыгарылган ун бөлүштүрүүгө

тийиш болчу. Бирок, Ош облусунда аз мүлктүү үй-бүлөлөргө КЭР өндүрүшү-

нөн чыккан 732 тонна ун сатылган.

Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин-

деги кемчиликтерди белгилей кетүү керек. Алсак, айыл жана шаар башкар-

малыктарында ун бөлүштүрүү үчү аз мүлктүү үй-бүлөлөрдүн тизмесин илик-

төө айрым башкармалыктарда тизмелерди түзүүгө тиешелүү жоопкерчиликсиз

мамиле жасалгандыгын көрсөттү. Бир катар учурларда жер-жерлерде аз кам-

сыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизме боюнча саны социалдык коргоонун аймактык

органдарынын маалыматына дал келбейт. Алсак, Жалал-Абад шаарынын Достук

аймактык башкармалыгында аз камсыз болгондордун тизмесинде 717 үй-бүлө

болсо, шаардык социалдык коргоонун разнарядкасында 979 үй-бүлө каттал-

ган. Мындай так эмес тизмелер Сузак районунун Барпы, Атабекова атындагы

Сузак, Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөттөрүндө орун алган. Көптөгөн

айыл өкмөттөрүндө ун алуучулардын арасына социалдык паспорттору жок,

тактап айтканда кирешелеринин дењгээли аныкталбаган үй-бүлөлөр кирги-

зилген. Мисалы, Талас облусунун Манас районунда 230 мүшөк ун (5750 кг)

аз мүлктүүлөрдүн категориясына кирбеген үй-бүлөлөргө сатылган. Ош шаа-

рынын № 9 аймактык кењешинде 2,5 тоннадан ашуун ун аз мүлктүү үй-бүлө-

лөрдүн тизмесине кирбегендерге таратылган. Ноокен районунун Масы айыл

өкмөтүндө айыл өкмөт башчысынын көрсөтмөсү боюнча 1,5 тонна ун мугалим-

дер менен директорлорду кошо алганда 3 мектептин 60 кызматкерине берил-

ген. Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө алыскы

айылдардын жашоочулары үчүн 2,5 тонна ун ишеним каттарды, экинчи ведо-

мостторду түзбөстөн айылдыктарга таратуу үчүн бир адамга берип коюлган.

Кочкор айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесине кирген

2229 үй-бүлөнүн 714дө социалдык паспорту жок.

Ушундай эле фактылар Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунда,

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ба-

зар-Коргон, Ноокен райондорунда, Ош облусунун Өзгөн районунда, Чүй об-

лусунун Москва районунда, Талас облусунун Манас районунда, Бишкек жана

Ош шаарларында орун алган. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругунда зарыл учурда комиссиялык

түрдө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

менен макулдашуу боюнча унду жењилдетилген баада ага муктаж жарандарга

разнарядкага ылайык бөлүштүрүү каралгандыгын белгилей кетүү керек.

Бир катар учурларда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр накталай акча ка-

ражаты жоктугунан алдын ала төлөй алышпагандыгана байланыштуу берилген

ундан баш тартууга мажбур болушкандыгын изилдөө көрсөттү. Мындан тышка-

ры кээ бир үй-бүлөлөр өздөрүнүн буудайы болгондуктан же туугандары жар-

дам бергендиктен, кээ бирлери башка жакка кеткендигине байланыштуу ун

алышкан эмес. Бирок, изилденген бардык жергиликтүү жамааттардан Жа-

лал-Абад шаарынын кварталдык комитеттеринин бир гана Достук комитетинде

баш тарткандарга кол койдурулган тизме берилген.

Ун таратуунун нормаларын бузуу фактылары да орун алган. Алсак, Ош

облусунун Кара-Суу районунда ун алгач үй-бүлөгө 50 кг берилген. Ош об-

лусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон 32

үй-бүлөгө ун 50 кг сатылган. Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе

айыл өкмөтүндө 96 үй-бүлөгө 50 кг ун берилген. Бишкек шаарынын Свердлов

районунда 45 үй-бүлөгө 50 кг ун сатылган. Ушундай эле фактылар Ысык-Көл

облусунун Ак-Суу районунда, Ош облусунун Өзгөн районунда, Жалал-Абад

облусунун Ноокен районунда орун алган.

Ошондой эле, калкты социалдык паспорттоштуруу боюнча жер-жерлерде

тийиштүү иштер жүргүзүлбөгөндүгүн белгилей кетүү керек. Көптөгөн айыл

өкмөттөрүндө социалдык кызматкерлер бул багытта системалуу иш жүргүзүш-

пөйт жана учурдагы абалды билишпейт, анткени жер-жерлерде социалдык

паспортторду салыштырып текшерүү жүргүзүлбөйт, алар чарбаларды жана

үй-бүлөлөрдү кыдырып текшерүүнүн жана абалын иликтөөнүн негизинде улам

жањыланып турбайт. Аз мүлктүү үй-бүлөлөрдү эсепке алуунун тартиби жана

алардын укуктары тууралуу калк арасында системалык түшүмдүү иштери жок.

Ошондуктан, социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн тизмесине айыл

өкмөттөрүнүн социалдык кызматкерлеринин субъективдүү пикирин аныктоочу

социалдык паспорттору жок үй-бүлөлөр кирип кеткен учурлар арбын.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде төмөнкүлөрдү белгилей кетүү

керек:

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары тарабынан (Нарын облусунун Нарын, Кочкор

райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун, Жалал-Абад облусунун

Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун, Ош облусунун Өзгөн районунун,

Чүй облусунун Москва, Панфилов райондорунун, Талас облусунун Манас рай-

онунун мамлекеттик администрациялары, Ош жана Бишкек шаарларында) тара-

бынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майындагы № 184-б

буйругу тийиштүү түрдө аткарылбагандыгын жана төмөнкүлөргө тийиштүү

контролдун жоктугун:

- ун сатуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү

министрлигинин разнарядкасына дал келбешине;

- муктаж болгон жарандарга жењилдетилген баада унду комиссиялык

түрдө бөлүштүрүүнүн жоктугуна.

2. Өз учурунда алдын ала төлөнгөндө ун жеткирүүнүн жайбаракат тем-

пине байланыштуу өсүп бараткан социалдык оорчулукту.

3. Социалдык паспортторду толтуруу боюнча айыл өкмөттөрүнүн соци-

алдык кызматкерлеринин ишти уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эм-

гек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык подразделениелери-

нин иштерине начар методикалык жетекчиликти.

4. "Калктын аз камсыз болгон катмары үчүн минералдык-витаминдик

кошумчалар менен унду байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын ви-

це-премьер-министринин 2008-жылдын 13-майындагы № 20-13 протоколдук

тапшырмасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик тарабы-

нан тийиштүү түрдө аткарылбагандыгын белгилей кетүү керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын экономика, соода, туризм жана

ишкердик бөлүмүнүн референти, Чүй жана

Талас облустары, Бишкек шаары боюнча

жумушчу комиссиянын жетекчиси А.Турдумамбетов

Ош жана Баткен облустары боюнча Кыргыз

Республикасынын Финансылык полиция

кызматынын башкармалыгынын улук

опер-кызматкери, Ош, Баткен, Жалал-Абад

облустары, Ош шаары боюнча жумушчу

комиссиянын жетекчиси М.Авиталипов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын социалдык өнүктүрүү

бөлүмүнүн референти, Ысык-Көл жана

Нарын облустары боюнча жумушчу

комиссиянын жетекчиси М.Саткеев
