# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 19-июлунун №124 "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 19-июлунун №124 "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1838/edition/285161/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 19-июлунун №124 "Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" мыйзамы (19.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1915

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 19-июлу № 124

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

2006-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1915/st-1)

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 489-ст.)

төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

12-статьяда:

биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Транспорт каражаттары эл аралык жана мамлекеттик стандарттар жана

техникалык шарттар менен белгиленүүчү коопсуздук талаптарына, медицина-

лык-санитардык ченемдерге, эмгекти коргоо жана экология ченемдерине

ылайык келүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте катталууга тийиш.";

экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү алып салынсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1915/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
